ГКНБнын маалыматына ылайык, «К.У.А.» жана «Б.Т.» аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттин жогорку жетекчилиги менен жеке таанышы бар экенин билдирип, курулуш компаниясына Бишкек шаарынын аймагында жер тилкесин алуу маселесин чечип берүүнү убада кылышкан.
Бул кызмат үчүн алар компаниядан 1 миллион 200 миң АКШ долларын талап кылышкан. Аталган суммага алдын ала төлөм катары акча алышы аркылуу алдамчылык жасаганы аныкталды.
Тергөө органдары иш боюнча текшерүү жүргүзүп, кармалган жарандарга карата мыйзамда каралган чаралар көрүлүп жатат.




