Кыргызстандын Генерал прокуратурасы чектеги инженердик иштерди жүргүзүүдөгү мыйзам бузуу фактылары аныкталганын жана ушул негизде уголовдик иш ачылганын билдирди.

Маалыматтарга ылайык, Аскер прокуратурасы мамлекеттик чек арада коргонуу загражденияларын куруу боюнча инженердик иштер жүргүзүлүүдө мыйзамды бузгандыктан улам уголовдик иш баштоосу керек болгон. Ушул учурда аталган уголовдик ишке байланыштуу керектүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.