Маевка МТУ тургундары Севердик РЭС жана «Бишкекводоканал» ишканасынын жетекчилигине кайрылып, электр энергиясы менен суу камсыздоодагы туруксуздук маселесин чечишин талап кылышкан. Жергиликтүү жашоочулардын айтымыша, ушул үзгүлтүктөр өтө көп учурда келип чыгышы менен айылда нормалдуу турмуш жүргүзүү мүмкүн эмес болуп калган.