Окуя "Манас" аэропортунан учуп чыгуу учурунда болгон. Учак разгонго чыккандан 3-4 мүнөт өткөндөн кийин, сол канат тарабынан катуу үн чыгып, учак кескин түрдө канатына оодарылып кеткен. Бул окуя учак толук ылдамдыкка чейин чыга электе болгону үчүн, кесепеттери андан да оор болушу мүмкүн эле.
Инцидент случился через 3–4 минуты — на разгоне. К счастью, это произошло до набора скорости. Если бы случилось позже, последствия могли быть страшными. Самолёт резко накренился и завалился на левый бок. Потом появился запах керосина — это испугало меня больше всего. Когда начали выходить, увидел, что керосин уже разлился. Если бы он загорелся, мы бы просто не смогли выбраться.
Ибраевдин айтымында, бортто дароо эле дүрбөлөң башталган — аялдар менен балдар ыйлап калган. Бирок бортпроводниктер жүргүнчүлөрдү тынчтандырып, кырдаалды башкарууга жетишкен.
Такталган маалымат боюнча, окуядан 10 мүнөттөй өткөндөн кийин авариялык эшиктер ачылып, жүргүнчүлөр учактан чыгарыла баштаган. Дагы 3-4 мүнөттөн кийин өрт өчүрүүчү унаалар жетип келген. Жүргүнчүлөр учактан чыккандан кийин бири-бирине жардам берип, ал жерде калгандарды коопсуз аймакка алып чыгышкан.
Ибраевдин божомолу боюнча, окуяга учактын дөңгөлөгүнүн жарылышы себеп болгон, ошондой эле сол канаттын үстүнкү узун бөлүгү сынган. Бирок ал өзү шок абалда болгондуктан, бузулган жерлерди толук карап чыга алган эмес.

