Министрлик тарабынан иштелип чыккан документ өлкөнүн номер ресурсун модернизациялоо жана оптималдуу пайдалануу максатында иштелип чыккан. Долбоор азыркы учурда коомдук талкуунун барысында турат.
Токтомдун долбоору телекоммуникация операторлору жана байланыш кызматтарын берүүчүлөр үчүн номерлөө тартибин иретке келтирүүгө багытталган. Бул чара номер фондунун натыйжалуу башкарылышын жана келечектеги технологиялык өзгөрүүлөргө ылайыкташтырылышын камсыздашы күтүлүүдө.
Долбоор жалпыга маалымдоо үчүн жарыяланган, ага байланыштуу сунуш-пикирлерди кызыкдар тараптар белгиленген мөөнөттө берүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
