Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «75-иш» деп аталган, бийликти күч менен басып алууга даярдануу боюнча кылмыш ишин кароо процесси уланып жатат. Сот жараяны жабык режимде өтүп, ага судья Азирет Медеров төрагалык кылат.
Айыпталуучулардын коргоочусу Икрамидин Айткуловдун айтымында, эртең мененки жыйында Камчыбек Ташиев мамлекеттик айыптоочуларга айыптоону колдоодон баш тартууну сунуш кылган.
Коргоочунун сөзүнө караганда, коргоо тарабы бул сунушту жактырган. Бирок прокурорлор сунуш боюнча эч кандай позиция билдирбей, унчукпай калышкан.



