«Манас» эл аралык аэропортунда болгон чрезвычайный кырдаалдан кийин «Tez Jet» авиакомпаниясы учуу лицензиясынан ажыратылды. Бул тууралуу бир нече жергиликтүү маалымат каналдары билдирди.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги авиакомпаниянын ишине текшерүү жүргүзгөндөн кийин лицензияны аннулировать кылуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Учур мезгилде окуянын так деталдары жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат расмий түрдө жарыяланган эмес. Бул кырдаал Кыргызстандын авиация тармагына түздөн-түз таасир этет.