Дүйнөгө белгилүү автоунаа өндүрүүчүсү Volkswagen компаниясы кызматкерлерин массалык түрдө кыскартуу планын жарыялады. DW маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, компания дүйнө боюнча жалпысынан 100 миң адамдын ишинен кол үзет.

Бул чечим компаниянын кызматкерлеринин арасында чоң нааразылык туудурду. Германияда Volkswagen кызматкерлери көчөгө чыгып, өз укуктарын коргоо максатында нааразылык акцияларын уюштуруп жатышат.

Азырынча кыскартуунун так графиги, кайсы өлкөлөрдө жана бөлүмдөрдө жүргүзүлөрү тууралуу кошумча маалымат берилген жок.