Аземге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы жаңы территориянын резиденттери болгон биринчи чет өлкөлүк инвесторлорго беш сертификат тапшырды.
Ачылыш аземине экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков да катышты. Ал өз сүйлөгөн сөзүндө долбоордун келечектеги маанисине токтолду жана инвестициялардын жалпы көлөмү тууралуу маалымат берди.
20 миллиард доллар — 2031-жылга чейинки максат
Министрдин айтымында, «Тамчы» ЭФИТи 2031-жылга чейин болжол менен 20 миллиард АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестицияны тартууга багытталган. Бул көрсөткүч долбоордун улуттук мааниге ээ ири экономикалык демилге катары каралып жатканын көрсөтөт.
Ачылыш учурунда беш чет өлкөлүк инвестор жаңы территориянын резиденти болуп катталды жана тиешелүү сертификаттарды алды.


