«Манас» эл аралык аэропортунда «ТезЖет» авиакомпаниясынын учагы менен болгон кырсыктан кийин Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги коопсуздукту камсыз кылуу максатында өлкөдөгү бардык авиакомпанияларды кошумча текшерүүдөн өткөрөтөрүн билдирди.
Бул тууралуу ведомстводон 24.kg агенттигине маалымдашты. Текшерүүлөр авиакомпаниялардын учуу коопсуздугу боюнча талаптарга канчалык деңгээлде жооп берерин аныктоо үчүн жүргүзүлөт.
Учак кырсыгынын өзү жөнүндө кошумча чоо-жайы азырынча белгисиз, бирок бул окуя жарандык авиация тармагындагы көзөмөлдү күчөтүү зарылчылыгын жаратты.
