Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол компаниясы» ОсОО катышуучуларынын 5-жыйыны жана Директорлор кеңешинин 5-отуруму өткөрүлдү. Иш-чарага акционерлердин өкүлдөрү жана компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү катышты.
Жыйын жана отурум учурунда «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун жүзөгө ашыруу менен байланышкан ишкердиктин негизги маселелери каралды. Ошондой эле мурунку мезгилдин жыйынтыктары чагылдырылды.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча компаниянын катышуучулары жана акционерлери ак ниеттүүлүк жөнүндө документке кол коюшту.
