Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча Баткен облусунун бардык айыл аймактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү калк менен жолугушуу өткөрдү. Жыйындарга облус жетекчилери, шаар мэрлери, райондук акимдер, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты.
Кызыл-Киядагы биринчи жыйын
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилиги менен өткөн алгачкы жолугушуу 11-майда Кызыл-Кия шаарында болду. Жыйынга жүздөгөн тургун чогулуп, ондон ашык маселе жана кайрылуу айтылды.
Кызыл-Киядагы жыйын жөнүндө сандар
Кайсы маселелер көтөрүлдү
- Турак-жай куруу үчүн жер участогу берүү маселеси
- Таза суу менен камсыз кылуу
- Амнистияга байланышкан суроолор
- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык абалы
- Жашаган жери боюнча каттоо маселелери
- Жаны жумуш орундарын түзүү
- Шаардык инфраструктураны өнүктүрүү
- Мектеп жана бала бакчалардын жетишсиздиги, бир үйдө бир нече үй-бүлөнүн жашашы
Тургундар кээ бир үй-бүлөлөрдө бир чатыр алдында үч келиндин чогуу жашоого мажбур болгонун, ошондуктан жаны жер участогуна муктаж экенин билдирди. Ошондой эле шаарда президент Садыр Жапаровдун өзүнүн да Кызыл-Кияга келишин суранышты.
Жыйын учурунда айтылган көйгөйлөрдүн бир бөлүгү ошол замат чечилди, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди. Кошумча убакыт жана изилдөөнү талап кылган кайрылуулар контролго алынып, жооптуу кызматкерлер жерлерде иш алып барышат.
Облус башчысы менен бирге жыйынга облустук мекемелердин, ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышып, ар бир жарандын кайрылуусу боюнча жеке түшүндүрмө берип, тиешелүү иш жүргүзүп жатышат.
Ошентсе да, Кызыл-Кия шаарында бош жер жоктугу белгилүү болду — бул жер участогу маселесин чечүүнү дагы татаалдантып жатат.
