18-июнда Кыргыз Республикасынын президентинин Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев Таш-Мойнок айылдык аймагынын калкы менен жолугушуу өткөрдү. Мындай жолугушуулар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкөнүн бардык региондорунда өтүп жатат жана аларга облус жетекчилери, шаар мэрлери, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, прокуратура, ички иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышат.
Жолугушууда Кой-Таш айылынын тургуну Кыяз аттуу жаран Аламедин районунун жогорку зонасындагы саламаттык сактоо тармагындагы курч көйгөйлөрдү айтып берди. Анын сөзүнө караганда, беш айыл өкмөтүнө бир гана тез жардам машинеси кызмат кылат, ал эми дем алыш күндөрү Аламедин жана Чункурчак капчыгайларына 20-40 миң адам агылып келет — аларды да ошол эле бир машина тейлейт.
Биздин айылда чоң оорукана бар. Беш айыл өкмөтүнө болжол менен бир гана тез жардам машинеси таралат. Мындан тышкары, дем алыш күндөрү Аламедин жана Чункурчак капчыгайына 20-40 миң адам келет. Аларды да ошол бир машина тейлейт. Бизге дагы бир тез жардам машинеси керек. Ошондой эле жогорку зонада дарыкана да, малдарга дарыкана да жок. Анальгин сатып алуу үчүн шаарга жакын жерге түшүп кетебиз. Үчүнчүдөн, Чуй облустук ооруканасын Бишкек шаарына беришет дешет. Аны бизге калтырып коюлу. Болбосо облустук ооруканага барсак, бизди Кантка жиберип коюшат.
Жарандын кайрылуусуна жооп берген полпред Элкинбек Аширбаев Чуй облустук ооруканасынын статусу сакталып каларын билдирди.
Чуй ооруканасы бизде калат. Ал эч жакка кеткен жок. Ал облустук статусун сактап калат, дагы жаңы оорукана курулат.
Э.Акрамов атындагы Чуй облустук бириккен ооруканасынын директору Доктурбек Жекшебаев да сүйлөп, ооруканага түшкөн бейтаптарды кабыл алып жатышканын билдирди. Тез жардам маселеси боюнча жарандардын өтүнүчүн жетекчилик каралоого алганы билдирилди.
