Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Туура-Суу айылында үзгүлтүксүз жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Айыл башчысы Эламан Эрлисбековдун айтымында, сел эки көпүрөнү капчыгайдан, дагы бирин тоо тарабынан агызып кетти.

Мен чоңойгондон бери мындай чоң суу агымын көрбөгөм. Бир жарым күн бою тынымсыз жаан жаап, ошондон улам суу көтөрүлүп, көпүрөлөр менен жолду алып кетти
Эламан Эрлисбеков, Туура-Суу айылынын башчысы

Жол жана кырсык боюнча сандар

26-27км жолдун жалпы узундугу
10-15км бузулган жол
3сел алып кеткен көпүрө
65-70км объезд ошончого узарды

Айыл башчысынын сөзүнө караганда, кырсыктан кийин тургундар мурдагыдай Балыкчыга түз жол менен жетпей, Марксы айылы аркылуу Ала-Баш ашуусун ашып өтүшөт.

Мурда биз Балыкчыга тез жетчү элек. Азыр объезддин айынан жол дагы 65-70 километрге узарды. Бул адамдар үчүн көп кыйынчылык жаратат
Эламан Эрлисбеков

Учурда кырсык болгон жерде жолду калыбына келтирүү иштери башталды. Айыл тарабынан бир экскаватор жана эки ДЭУ маркалуу жүк унаасы иштетилип жатат.