Бишкек мэриясынын билдирүүсүнө ылайык, 10-июлда саат 09:00гө жакын ХБО суу алгычында электр бөлүгү боюнча штаттан тыш кырсык болгон. Ошондон улам шаардын бир бөлүгүндө суу берүү убактылуу чектелди.
Сууну чектөө төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакты камтыды: ВБЧК – Анкара – Кыдыр-Аке – Оберон – Лев Толстой – Аламедин дарыясы – Горький – 7-Апрель – ВБЧК.
Мэрия кырсыкты жоюу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын жана бул мезгилде тургундарга ичүүчү суу ташып берүү уюштурулганын кабарлады.

