Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, А.Ш. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча, тактап айтканда, алдын ала сүйлөшүп алган топ адамдар тарабынан жасалган өлтүрүү айыбы менен күнөөлөнөт. Бул өзгөчө оор кылмыш катары каралат.

Айыпкер 12 жыл бою кыргызстандык укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн. Аны кармоо жана өлкөгө кайтарып келүү боюнча иш-чаралар МВД тарабынан Түркиянын тиешелүү мекемелери менен биргелешип жүргүзүлгөн.

Операция Стамбул шаарында ишке ашырылды, натыйжада шектүү кармалып, Кыргызстанга алып келинди.