2025-жылдын 30-июнунда Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында жалпыреспубликалык кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери чакырылды.

Мамлекет башчысы иш-чараны ачып, сүйлөгөн сөзүндө өлкөнү өнүктүрүүнүн учурдагы шарттарында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасын эффективдүү түзүү маанилүү милдеттердин бири экенин белгиледи.

Жапаровдун айтымында, мындай система мыйзамдуу, адилеттүү жана өз убагында кабыл алынган чечимдерди камсыз кыла алышы керек.