Кыргызстан президентинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушуу учурунда эки лидер эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыган маселелер боюнча пикир алышты.
Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги мейманды тосуп алуу учурунда, өткөн жылы декабрда Исламабадга мамлекеттик сапары чегинде болгон сүйлөшүүлөрдү эскерди.
Кыргызстан Пакистанды Түштүк Азиядагы ишенимдүү жана артыкчылыктуу өнөктөш катары карайт
Мамлекет башчысы кеңири багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Бул жолугушуу эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана башка тармактардагы байланыштарын бекемдөө ниетин тастыктады.
