Экс-депутат, белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров ГКНБда суракка алынып жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу маалыматты анын уулу Руслан Бекназаров тастыктады.
Уулунун айтымында, атасынын ГКНБга чакырылган себеби азырынча белгисиз бойдон калып жатат.
Мурунку кылмыш иши
Руслан Бекназаров ошондой эле мурда атасына карата банк каражаттарын өзгөчөлөнгөн жол менен өздөштүрүү боюнча кылмыш иши козголгонун белгиледи.
