25-июнда болгон парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев кээ бир мамлекеттик кызматкерлердин инвесторлордон акча талап кылып, өздөрүнүн туугандары менен тааныштарын кен казуучу ишканаларга иштетүүгө «жылдырып» жаткандыгын билдирди.

Депутат бул маселе боюнча Башкы прокуратуранын өкүлү Умуткан Конкубаеваны кайрылып, көрсөтүлгөн фактыларга көңүл буруп, текшерүү жүргүзүүнү сурады.

Мурда мен сизге «Кыргыз көмүр» ишканасынын жетекчиси боюнча кат жөнөткөн элем.
Нурбек Сыдыгалиев, Жогорку Кеңештин депутаты

Сыдыгалиевдин айтымында, мындай учурлар инвесторлор менен мамлекеттик органдардын ортосундагы ишенимге терс таасир этип, өлкөнүн тоо-кен тармагындагы инвестициялык климатка зыян келтирет.