Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши 24-июнда өткөн жыйынында Жогорку соттун судьясын шайлоо маселесин карап чыкты.
Президент жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кенештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев депутаттарга Алмаз Калыбаевдин кандидатурасын тааныштырды. Бул кандидатура мурда өлкө президенти тарабынан киргизилген.
Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Алмаз Калыбаевди Кыргызстандын Жогорку сотунун судьясы кызматына шайлоо жөнүндө чечим кабыл алышты.
