Жогорку Кенеш 24-июнда Кыргызстандын Президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тартибин жөнгө салган конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Мыйзам долбоору эки жана үч окулушта бир жолу кабыл алынды.
Депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча документти 79 депутат колдоп чыкты.
Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, президенттик жана парламенттик шайлоолор мындан ары шаршемби күндөрү өткөрүлөт.
Мурда белгилүү болгондой, Кыргызстандын кезектеги президенттик шайлоосу 2027-жылдын 24-январына дайындалган болчу.
