«Рух-Ордо» маданият борборунун аймагында Кыргызстан менен Пакистандын мамлекеттик желектери желбиреп турду. Мекеменин алдында Ардактуу каравул тизилип, тосуп алуу аземине 40 этно-жоокер катышты.

Эки тарап өз ара саламдашкандан кийин, мамлекет башчылары Ардактуу каравул ротасынын командиринин рапортун кабыл алды. Андан соң эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери угулду.

Тосуп алуу аземи расмий жолугушуунун алгачкы бөлүгү болуп, мындан ары эки мамлекеттин лидерлери сүйлөшүүлөрдү улантышы күтүлөт.