Ош шаарынын ИИБинен Акыйкатчы институтуна келген маалыматка ылайык, каза болгон өспүрүм Токтогул атындагы паркта жайгашкан кафелердин биринде жумуш иштеген. Окуянын чагылдырылышы видеокамералардын жазуулары аркылуу тастыкталган.
Джамиля Джаманбаева бул маалыматка өзгөчө тынчсызданып кайрылып, ата-энелерди жана тиешелүү мамлекеттик органдарды жайкы каникул мезгилинде балдардын коопсуздугун камсыз кылууга чакырды.

