Президент Садыр Жапаров Нарын облусунун тургундары менен болгон жолугушууда мамлекеттик саясаттагы маанилүү өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, мындан ары жарандарга жеке турак-жай куруу үчүн жер участоктору берилбейт.

Тик курулушка өтүү

Мамлекет башчысынын сүйлөгөнүнө караганда, өлкө тик турак-жай курулушуна өтөт. Бош жаткан жер участокторунда мындан ары көп кабаттуу турак үйлөр курулуп, жарандарга жер участогунун ордуна даяр батирлер сунушталат.

Бул чечим жеке үй курууга бөлүнүп берилчү жер участокторунун ордуна альтернатива катары каралып, мамлекеттин жер ресурстарын пайдалануу саясатындагы негизги багыт өзгөрүшүн билдирет.