Германиянын федералдык прокуратурасы шаршемби күнү 2022-жылы «Түндүк агым» газ түтүктөрүнө жасалган диверсияга шектелген украин жаранына айып тагылганын жарыялады.

Немис басма сөз каражаттарынын маалыматына караганда, шектүүгө «гражданский энергетика объектисине кол салуу, жарылгыч заттарды колдонуу менен жарылуу жасоо жана курулмаларды бузуу» боюнча айыптар коюлган.

Германиянын жеке маалыматтарды коргоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык, шектелген адамдын жеке маалыматтары жарыяланбай жатат.

Бул тууралуу BBC кабарлайт.