«Ачык кабинет» долбоорунун алкагында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү 8-июлда ГЭС-3кө барып, станциядагы реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Ошол жерде Энергетика министрлигинин өкүлдөрү ГЭС-3дөгү №1 гидроагрегаттын капиталдык ремонту боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Министрликтин билдирүүсүнө караганда, бул ремонт 2026-жылдын июль айынын аягында толук бүтүрүлөт.
Гидроагрегаттын капиталдык ремонту станциянын иштөө натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн энергетикалык системасынын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган иштердин бир бөлүгү болуп саналат.
