Ош облустук ИИБ башкы бөлүмүнүн (УОБДД) маалыматына ылайык, кырсык 18-мартта болгон. Honda Civic унаасынын айдоочусу унааны башкарууну жоготуп, Daewoo Matiz унаасы менен кагылышкан.

Андан кийин Honda Civic жол четинде турган эркекти басып өтүп кеткен. Алган жаракаттарынан улам жабыр тарткан адам ошол жерде көз жумган.

Кырсык болгон жерде бир нече бала болгону белгилүү, алар окуяны өз көзү менен көрүшкөн. Кубанычтуусу, балдар эч кандай жаракат алышкан эмес.

Кырсыктын видеосу социалдык тармактарда кеңири жайылтылып жатат.