Ысык-Көлдө кечээ болгон жол-транспорт кырсыгы тууралуу маалымат тарады. Окуя облустун аймагында катталган.
Кабарды жарыялаган автордун сүйлөгөнүнө караганда, кырсыктын натыйжасында алты адам каза болгон. Учурда бул маалымат расмий түрдө тастыкталган эмес, окуянын майда-чүйдөсү, катышуучулардын саны жана кырсыктын так себептери белгисиз.
News.KG окуяга байланыштуу расмий органдардан кошумча маалымат алуу үчүн иштерин уланта берет. Маалымат тактала турган болсо, окурмандарга дароо жеткирилет.

