Нарын облусунда саламаттык сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиянын кезектеги жыйынында канаттуу ВИЧ жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттердин алдын алуу боюнча соңку алты айда жасалган иштердин жыйынтыгы каралды.

Жыйын жөнүндө Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана ВИЧ көзөмөлдөө борборунун директору Айнагүл Бектурсунова маалымдады. Анын айтымында, облуста бүгүнкү күндө 325 ВИЧ пациенти расмий түрдө катталган.

Катталган учурлар боюнча статистика

325катталган ВИЧ учуру
90каза болгон пациент
8соңку 6 айда жаңы табылган учур
13340-59 жаштагы пациент
5917-28 жаштагы пациент
614 жашка чейинки бала

Курактык көрсөткүчтөрдө эң жогорку деңгээл 40-59 жаш курагындагы адамдарда байкалганы белгиленди. Ошондой эле 17-28 жаш арасында да көп сандагы учур катталган, ал эми 14 жашка чейинки алты бала да ВИЧ инфекциясына чалдыккан.

Жугуштун алдын алуу боюнча чаралар

Жыйында инфекциянын жайылышын алдын алуу жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча чаралар каралды. Атайын көңүл облуска келген чет элдик жарандар менен мигранттарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү маселесине бурулду.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, учурда Нарын облусунун аймагында ар кандай тармактарда 4 миң 835 чет өлкөлүк жаран иштейт.

Жыйынга облустун медициналык мекемелеринин жетекчилери, медициналык кызматкерлер жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.