Кыргызстанда АИ-95 бензининин баасын мамлекет тарабынан жөнгө салуу жокко чыгарылды. Мындан ары анын наркы рыноктук механизмдер аркылуу түзүлөт, деп билдиришти маалымат каражаттары.

Бул чечим менен АИ-95 бензининин баасы суроо-талап жана сунуш негизинде эркин калыптанат. Ошол эле учурда антимонополиялык орган баа боюнча жашыруун макулдашууларга жана башка мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн рынокту көзөмөлдөөнү улантат.

Кайсы отун түрлөрү мамлекеттик жөнгө салууда калат

Жаны эрежеге карабастан, өлкөдө колдонулуучу башка отун түрлөрү боюнча мамлекеттик жөнгө салуу сакталып калды.