Кыргызстандын отун-май секторундагы компаниялар өлкөгө ГСМ жеткирүүнү диверсификациялоо максатында беш өлкө менен келишим түзүү боюнча иш алып барып жатышат.
Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маалыматында билдирди.
Учурда сүйлөшүүлөр процессте турганы белгилүү, бирок конкреттүү өлкөлөрдүн аталыштары жана келишимдердин деталдары азырынча ачыкталган эмес.

