Баткен облусундагы Кадамжай районунда болгон окуяга байланыштуу 20дан ашуун чек арачы УКМКБнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына алынып келинди.
Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги өз булактарына таянып кабарлады. Расмий органдардан бул маалыматка карата азырга чейин түшүндүрмө берилген жок.
Чек арачыларды алып келүүгө себеп болгон конкреттүү жагдайлар али тактала элек. News.KG окуянын өнүгүшүн көзөмөлдөп, жаңы маалыматтар келип түшкөндө кабарды толуктайт.

