Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, чек арачылар алдын ала алынган оперативдик маалыматтын негизинде иш-аракет жасашкан. Алар Тажикстан тарабында турган бейтааныш адамдын чоң баштыкты Кыргызстан аймагына ыргытып жибергенин байкашкан.
Баштыкты ыргыткандан кийин ал адам көз ирмемде чек арага жакын аймактын ичине качып кутулган. Окуя Баткен облусунун Арка-2 участогундагы «Мал-Базар» жергесинде болгон.
Кармалган баштыкты кароо учурунда анын ичинен баңги заттары жана 1000 акча каражаты табылган. Иштин башка чоо-жайы азырынча тактала жатат.

