Министр бул тууралуу «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында өткөн жолугушууда маалымдады. Анын айтымында, Ош шаарынын мэриясы аткарылган жана уланып жаткан курулуш иштери үчүн жеке подрядчик компанияларга акча төлөй элек.

Орунтаевдин берген маалыматы боюнча, бул карыз тиешелүү мэрия менен курулуш уюмдарынын ортосундагы келишимдер боюнча аткарылган жумуштардын акысын камтыйт. Карыздын жалпы суммасы болжол менен 3 миллиард сомду түзөт.

Министрдин сөзүнөн улам, көйгөй мэриянын каржы ресурстарынын жетишсиздиги менен байланыштуу. Ал бул маселе боюнча кошумча чечим кабыл алынышы керектигин белгиледи.