Кыргызстанда жана Борбордук Азия аймагында иштеген ирилердин бири болгон «Умай Групп» ритейл компаниясы Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) менен расмий түрдө өнөктөштүк келишимге кол койду.

Тараптардын макулдашуусуна ылайык, IFC «Умай Групптун» бизнесин өнүктүрүү үчүн 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо бөлүп берет. Бул каражат компаниянын өсүш темпин тездетүү максатында пайдаланылат.

«Умай Групп» — Борбордук Азиядагы алдыңкы ритейлерлердин бири катары белгилүү. IFC менен түзүлгөн бул келишим компаниянын региондогу позициясын бекемдөөгө жана андан ары кеңейүүсүнө өбөлгө түзөт деп күтүлөт.