Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Туура-Суу айылында катуу жаандан улам сел жүрүп, үч көпүрөнү алып кетти жана 10-15 километр жолду талкалады. Тургундар азыр алдыда узак объезд аркылуу жүрүүгө аргасыз болуп жатышат, ал эми окуя жерине облус жана район жетекчилиги, ТЖМ өкүлдөрү барып, кырсыктын кесепеттерин токтотуу боюнча иштер башталды.