Ирандын түштүгүндөгү Бушер провинциясында жайгашкан аталыштагы атомдук электр станциясынын тегерегине АКШ аскер сокку урду. Бул жөнүндө провинциянын губернатордук орун басары Эхсан Джаханиан кабарлаган, маалымат РИА Новости агенттигине шилтеме менен таралды.

Ошондой эле AKIpress басылмасынын маалыматында Иран тарабы АКШны Бушер АЭСинин аймагын обурулуга алганы үчүн айыптап жатканы белгиленет. Америкалык снаряд станциянын аймагына тийген деп билдирилет.

Учурда окуяга байланыштуу расмий Тегерандан жана Вашингтондон кошумча түшүндүрмө берилген жок. Кырдаалдын өнүгүшүн көзөмолдөп, News.KG кабарлашын улантат.