Америка Кошмо Штаттары Ормуз бугазында үч мунай танкерине жасалган чабуулдарга байланыштуу Иранга сокку урду. Бул тууралуу Би-би-си телеканалына таянып Knews.kg билдирди.
АКШнын Борбордук командачылыгы (Centcom) шейшемби күнү 80дөн ашык объектке сокку урулганын жарыялады. Алардын арасында Ислам революциясынын сакчылар корпусуна (ИРСК) караштуу бугаздагы 60тан ашык кичи кайык бар экени белгиленди.
Соккулардын көрсөткүчтөрү
Өз кезегинде Ислам революциясынын сакчылар корпусу 85 аскер объектине сокку урганын билдирди.
