Иран менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы аскер-саясий чыр дагы бир жолу курчуп, тараптар өз ара чабуул алмашышты. Кабарларга ылайык, Вашингтон Иран Ислам Республикасынын аскер обьектилерине чабуул жасаган, ага жооп кылып Тегеран Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларга сокку берген.

Ормуз бугазын жаап коюу коркутуусу

Иран тарабы АКШ тарабынан жаңы чабуулдар уланганда, стратегиялык маанилүү Ормуз бугазын жаап коюу мүмкүнчүлүгүн жарыялады. Мындан тышкары, Тегеран америкалык обьектилерге кайрадан жооп чабуулдарын жасоону да четке какпайт.

Дипломатиялык жол ачык калып жатат

Ошол эле маалда, айрым маалымат каражаттарынын берген маалыматына караганда, Вашингтон Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү андан ары улантууга кызыкдар. Бул жагдай чыр кыйла курчуп жаткан учурда дипломатиялык жол дал азыр таптакыр жабылып калбаганын көрсөтөт.