Кыргызстан жана Пакистандын айыптаган адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Бул макулдашуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Ислам пакистанына расмий сапары алкагында, 2025-жылдын 4-декабры күнү Исламабад шаарында кол коюлган.
Генерал прокуратуранын маалыматы боюнча, ушул келишимдин күчүнө кирүүсү Кыргыз Республикасы менен Ислам пакистаны Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы жана маанилүү кадамы болуп саналат.




