Кыргызстанда юридик маалыматтарды табуу жана укуктук суроолорго жооп издөө боюнча жаңы технологиялык кадам жасалды. Юстиция министрлигинин юридикалык жардам кызматы Jargam.kg аттуу интеллектуалдык укуктук жардамчыны тесттик режимде ишке киргизди.

Бул жаңы кызмат кардарларга мыйзам актыларын тез арада табууга, өлкөнүнконоституционалдуу ченемдерин түшүнүүгө жана юридикалык маселелер боюнча жоопторду жөнөкөйлөтүлгөн тил менен алууга жардам берүү максатын көздөйт.