Нарын шаарынын тургундары борбордук көчөдө жүрүп жаткан курулуш-оңдоо иштеринин аягы көрүнбөй жаткандыгына нааразычылык билдирип жатышат. Жай айларынын жарымы өтсө да, Ленин атындагы көчөнүн четтери казылган боюнча, иштер аяктала элек.
Долбоор жана каржылоо
9,2 километрлик көчөнү оңдоо иштери 2023-жылдын августунда башталган. Мамлекет тарабынан бул максатка 727 миллион сом бөлүнгөн, иштерди «Кыргызавтожол» мекемеси жүргүзүп жатат. Өткөн жылы жол бетине асфальт төшөлгөн, бирок ирригация, коопсуздук жана айланасынын инфраструктурасы боюнча маселелер чечиле элек.
Асфальт эмнеге бузулуп жатат
Нарын шаарынын мэриясы жыйында аткаруучулардын каталарын атап көрсөттү. Негизги себеп — көчө боюнча орнотулган ирригациялык лотоктордун талапка ылайык жасалбагандыгы. Айрым участкаларда жер казылып, лотоктор өз убагында орнотулбагандыктан, өткөн жылы төшөлгөн негизги жолдун асфальты бузулуп, эрозияга кабылып баштаган.
- Ирригациялык лотоктор талапка жооп бербейт
- Курулуп жаткан аллеялар менен лотоктордун бети тегиз эмес
- Түнкү жарык берүү иштери аяктала элек
- Коомдук унаа токтоочу жайларда атайын «кармандар» жок
Мэрдин нааразычылыгы
Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев курулуш иштеринин басаңдыгын жана сапатсыз аткарылып жатканын катуу сынга алды.

