Табигый ресурстар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусундагы бир нече пансионаттын аймагында пландан тышкары текшерүүлөр өткөрүлгөн.

Текшерүү жүрүшүндө адистер ондогон мыйзам бузууларды аныкташкан. Аныкталган бузуулардын негизинде айыпкерлерге жалпы суммасы 767 миӊ сомдук айып пул салынган.

Министрлик мындан аркы иш-чаралар алкагында дагы башка эс алуучу жайларда текшерүүлөрдүн улантылышы мүмкүн экенин белгилейт.