Ички иштер министрлиги маалымат каражаттарына Нурлан Мотуевдин көз жумганын билдирди. Ал 56 жашка чыккан.

Ким болгон Нурлан Мотуев

Мотуев бир нече жыл бою журналисттик жана саясый ишмердик менен алектенген, «Жоомарт» элдик-патриоттук кыймылын жетектеген. Ал коомчулукка активдүү позициясы менен таанымал болгон.

Ага 2005-жылы Кара-Кечедеги көмүр кенин басып алгандан кийин чоң популярдуулук келген. Ошондон улам ал «Көмүр Королу» деген ат менен белгилүү болуп калган.

Акыркы мезгилде Мотуевдин ден-соолугуна байланыштуу тынчсызданган пайдалануучулар социалдык тармактарда анын катуу арыктаганын белгилеп, кабатыр болушкан.