Кабинет министринин башчысы Адылбек Касымалиевдин буйругу менен Шабдан Абдырайым уулу президенттин Жалал-Абад облусундагы полномочтуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп бекитилди.
Мурда ал 2024-жылдын 2-апрелинен 2025-жылдын 3-июлуна чейин Нарын облусундагы полпреддин орун басары кызматында эмгектенген.
Жалал-Абаддагы биринчи орун басар кызматында мурда Уларбек Исмаилов иштеп келген. 2026-жылдын 22-июнунда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен ал Манас шаарынын мэри болуп дайындалган.

