Генералдык прокуратуранын билдирүүсүнө ылайык, Сокулук районундагы Ак-Жол айылында жайгашкан балдар бакчасынын имараты жана ага караштуу жер тилкеси, жалпы баасы 48,1 млн сомго тете, мамлекеттик менчикке кайтарылды. Текшерүү учурунда объект 1996-жылы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган.